13:02
USD 87.45
EUR 103.10
RUB 1.14

Баш байге 100 миң сом: Улуттук жазуучулар союзу ыр сынак жарыяланды

Улуттук жазуучулар союзу Кыргыз эл акыны Тенти Жунушбаева-Адышева атындагы республикалык ыр сынагын жарыялады.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, сынак кыргыз поэзиясындагы аялзатынын ордун бекемдөө, жаңы таланттарды ачуу жана көркөм сөз өнөрүнүн мыкты үлгүлөрүн аныктоого багытталган.

Сынактын максаты:

  • кыргыз тилинин көркөмдүүлүгүн, байлыгын жана тереңдигин даңазалоо;
  • акын кыз-келиндердин талантын ачуу жана чыгармачылыкка шыктандыруу;
  • кыргыз поэзиясындагы мыкты акын айымды аныктоо.

Өтүү мөөнөтү:

  • Тандоо туру: Чыгармалар 2026-жылдын 5-февралынан 30-апрелине чейин кабыл алынат.
  • Баалоо этабы: 2026-жылдын 1-майынан 15-майына чейин.

Катышуу шарттары:

Сынакка 18 жаштан жогорку акын айымдар катыша алышат. Ар бир катышуучу кыргыз тилинде жазылган, мурда эч жерде жарыяланбаган, 2ден 10 куплетке чейинки бирден үчкө чейин ырын жөнөтөт.

Чыгармалар төмөнкү техникалык талаптар менен кабыл алынат:

  • WORD форматында;
  • Times New Roman, 14 өлчөм;
  • 1,5 интервал.
  • Ырлар аты-жөнү көрсөтүлбөстөн номер аркылуу калыстар тобуна сунушталат.

Чыгармаларды поэзия чөйрөсүндөгү адистерден турган 5 адамдан турган калыстар тобу төмөнкү критерийлер менен баалайт:

  • поэтикалык форманы өздөштүрүүсү, тил жана чеберчилик;
  • таасирдүүлүк, образдуулук, жаңычылдык.
  • Баалоо 10 баллдык система менен жүргүзүлөт.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо:

Сынактын жыйынтыгы атайын уюштурулган адабий кечеде жарыяланып, жеңүүчүгө 100 000 сом өлчөмүндөгү сыйлык ыйгарылат.

Чыгармаларды кабыл алуу:

Ырлар төмөнкү электрондук дарек аркылуу жөнөтүлөт:

jazuuchular@gmail.com

Байланыш үчүн:+996 554 94 90 20

Эң көп окулган жаңылыктар