17:08
USD 87.45
EUR 103.05
RUB 1.14

Садыр Жапаров Орусия президентинин атайын өкүлү Михаил Швыдкой менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда Орусия президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой менен жолугушту.

Жолугушууда тарапдар кыргыз-орус мамилелерин маданий-гуманитардык тармакта мындан ары да чыңдоо маселелери жана келечеги талкууланды.

Мамлекет башчысы бул тармак мамлекеттер аралык диалогду жана элдердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү кеңейтүү үчүн салттуу түрдө бекем негиз болуп келерин баса белгиледи.

Президенттин басма сөз кызматы
Фото Президенттин басма сөз кызматы. Садыр Жапаров менен Михаил Швыдкой
Садыр Жапаров бул жагдайда 2025-жылы Кыргызстанда Россиянын маданият күндөрү ийгиликтүү өткөнүн канааттануу менен белгилеп, жакынкы арада Москвада ачыла турган Кыргыз илим жана маданият үйү маданий алакаларды мындан ары да чыңдоого өбөлгө болоруна ишеним билдирди.

Президент үстүбүздөгү жылы Кыргызстанда алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөрүн айтып, Россиянын командасын бул маанилүү иш-чарага активдүү катышууга чакырды.

 Ал маданий мейкиндикти санариптештирүүнү маанилүү багыттардын бири катары белгиледи. Бул контекстте чыгармачылыгы өлкөлөрдүн маданияттарынын ортосундагы чыныгы руханий көпүрө болуп калган залкар кыргыз жазуучусу жана ойчулу Чыңгыз Айтматовдун мурасы өзгөчө орунду ээлейт.

Михаил Швыдкой өз кезегинде президент Садыр Жапаровго Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин жылуу саламдарын жана эң жакшы каалоолорун жеткирди.

Михаил Швыдкой ошондой эле Кыргызстан анын мекени экенин жана туруктуулук менен узак мөөнөттүү пландаштыруунун аркасында дүйнөдөгү экономикалык өсүштүн эң жогорку көрсөткүчтөрүнүн бирин көрсөтүп жаткан өлкөнүн өнүгүүсүнө тыкыр көз салып турарын белгиледи.

Ал 2028-жылы — Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгы — эки элди бириктирген өзгөчө дата экенин белгилеп, ошондой эле 2028-жылы Лев Толстойдун 200 жылдыгы да белгиленерин айтты.

 Буга байланыштуу, ал бул даталарды биргелешип белгилөөнү сунуштап, эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери жетектеген уюштуруу комитетин түзүүнү сунуш кылды.

Жыйынтыгында президент Садыр Жапаров жана Россия президентинин Эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой мындан аркы өз ара кызматташууга кызыкдар экенин тастыкташып, маданият, гуманитардык диалог жана тажрыйба алмашуу жаатындагы биргелешкен аракеттер эки тараптуу мамилелердин мындан ары да өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.

Эң көп окулган жаңылыктар