Бүгүн, 24-февраль саат 09:00гө карата республиканын негизги ашууларында күн бүркөк, бирок унаа кыймылына чектөөлөр жок. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек — Ош унаа жолунун Төө-Ашуусунда, Барскоон — Ак-Шыйрак жолундагы Сөөк, ошондой эле Каракол — Эңилчек багытындагы Чоң-Ашуу ашууларында асман бүркөк. Ал эми Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолундагы Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашууларында жана Боом капчыгайында каттам үзгүлтүксүз уланууда.
Ошондой эле Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда да күн бүркөк болуп, жол кыймылына эч кандай тоскоолдуктар жок экени кабарланды.
Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан бардык ашууларда жана стратегиялык жолдордо коопсуздукту камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер күнү-түнү жүргүзүлүүдө. Учурда жол кырдаалы туруктуу көзөмөлдө турат.

