11:26
USD 87.45
EUR 103.28
RUB 1.14

ФИФА дүйнө жүзү боюнча 100 футбол академиясын ачат

Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) глобалдык футболду өнүктүрүү боюнча башчысы Арсен Венгер ар бир балага өз потенциалын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн 100 өлкөдө академияларды ачуу планын жарыялады. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, учурда 60 өлкөдө 60ка жакын академия иштеп жатат жана долбоордун максаты бардык өлкөлөрдүн балдарына ойноо мүмкүнчүлүк берүүнүн маанилүүлүгүн көрсөтүү болуп саналат.

«Биз өлкөлөрдүн ичинде иштейбиз, таланттарды аныктайбыз, аларды окутабыз жана аларга турнирлерге катышууга мүмкүнчүлүк беребиз. ФИФАнын 17 жашка чейинкилер арасындагы дүйнөлүк чемпионаты учурда жыл сайын өткөрүлөт. Эми биз бардык өлкөлөр үчүн 15 жашка чейинкилер арасындагы турнир уюштургубуз келет. Балдарга тандоо турлары болбойт. Бардык 211 өлкөнүн баары катышып, дүйнөлүк деңгээлде ойноого мүмкүнчүлүк берилет», — деди Венгер.

Ал академия долбоорунун дүйнөлүк футболду өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн баса белгиледи. "Биздин максатыбыз — 100 өлкөдө 100 ФИФА академиясын ачуу. Акыркы 10 жылда Европадан артта калган өлкөлөрдүн потенциалын өнүктүрүү үчүн көп иштер жасалды. Бул өлкөлөр олуттуу ийгиликтерге жетишти, деңгээл акырындык менен теңелүүдө жана футбол дүйнө жүзү боюнча жакшырды",- деп кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар