Бүгүн, 12-февралда Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун Арал-Казарман бөлүгүндө 243-296-чакырымдар аралыгына кар көчкү түштү. Азыркы тапта көчкүнүн көлөмү такталууда. Жол эки тараптуу жабык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Фото Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы. Түндүк-түштүк альтернативдик жолунда кар көчкү түштү.
Маалыматка ылайык, тазалоо иштери министрликке караштуу № 18 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө.
Коопсуздукту камсыз кылуу максатында жерине атайын техника тартылып, жолду тазалоо иштери уланып жатат.
Кошумча маалымат берилет.

