13:22
USD 87.45
EUR 104.14
RUB 1.13

ӨКМ: Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагындагы кар көчкү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Маалыматка караганда, 11-февралдан 13-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана төмөнкү унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү, ошондой эле кар күрткүсү күтүлөт:

  • Бишкек — Ош: Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуулары жана Чычкан капчыгайы;
  • Суусамыр — Талас — Тараз: Өтмөк ашуусу;
  • Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу: 55—115-чакырымдар аралыгы;
  • Ала-Бука — Каныш-Кыя: Чапчыма ашуусу;
  • Красная-Горка — Акташ: 0—3-чакырымдар аралыгы;
  • Сары-Таш — Дароот-Коргон — Карамык: 97—98-чакырымдар аралыгы;
  • Бишкек — Нарын — Торугарт: Долон ашуусу;
  • Арал — Миң-Куш: 1—14-чакырымдар аралыгы;
  • Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад: Көк-Арт ашуусу;
  • Каракол — Эңилчек: Чоң-Ашуу ашуусу.

Жолдор тайгак болуп, тайгак болот. Айдоочулар коопсуздук үчүн унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоосу зарыл.

Эң көп окулган жаңылыктар