Өткөн жылы Кыргызстанда 4429 кырсык катталып, анын кесепетинен 313 адам каза болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган кеңешмеде министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетов билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылы өлкөдө 14 өзгөчө кырдаал катталып, 32 адам каза болгон. Материалдык чыгымы 60 млн 252 миң сомду түздү.
Бул 2024-жылга салыштырмалуу өзгөчө кырдаалдардын кесепеттери кыйла азайды. Ал эми кырсыктардын жалпы саны 4 429 түзүп, 2024-жылы менен салыштырмалуу 16 пайызга көбөйгөн. Кырсыктарда 313 адамдын өмүрү кыйылган, материалдык чыгым 2 млрд 30 млн сомду түзүп, былтыркыга салыштырмалуу эки эсеге көбөйгөн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 2026-жылга карата негизги максат алдын алуу чараларын күчөтүү, жооп кайтаруу кызматтарынын даярдыгын жакшыртуу жана заманбап тобокелдиктерди көзөмөлдөө системаларын ишке ашыруу экенин белгиледи.

