17:23
USD 87.45
EUR 103.72
RUB 1.14

Кара-Балтадагы 106 миллион сомдук автобаза мамлекетке кайтарылды

Жайыл районунда баасы дээрлик 106 млн сомдук социалдык объект мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондук прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө 2004-жылы Кара-Балта шаарынын Центральная көчөсүндөгү социалдык объект (автобаза) жер тилкеси менен биргеликте мыйзам талаптарын бузуу менен жеке жактарга өткөрүлүп кеткендиги аныкталган.

Башкы прокуратура
Фото Башкы прокуратура. Кара-Балтадагы автобаза мамлекетке кайтарылды

Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында жалпы аянты 1,4 гектарды түзгөн аталган социалдык объект толугу менен мамлекетке кайтарылды. Кайтарылган объектин базар баасы 105,9 млн сомду түзөт.

Эң көп окулган жаңылыктар