Кыргызстанда зомбулуктан жабыркагандар жана адам сатуунун курмандыктары үчүн «5200» ыкчам линиясы ишке кирди. Маалыматты эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Билдирүүдө айтылгандай, аталган социалдык долбоор үй-бүлөлүк зомбулукка жана адам сатуунун курмандыктарына кабылган аялдарга жана кыз-келиндерге жардам көрсөтүүгө багытталган.
«5200 номерине чалуу аркылуу ар бир жаран акысыз, анонимдүү жана купуя жардам ала алат», — деп айтылат маалыматта.
Линияда зомбулукка байланышкан маселелер, кризистик кырдаалдар жана психологиялык колдоо боюнча атайын даярдыктан өткөн кесипкөй психологдор жана консультанттар иштешет.
Ыкчам линия суткасына 24 саат, жуманын 7 күнү, өлкө аймагында бардык мобилдик операторлор аркылуу жеткиликтүү.
Ыкчам линиянын негизги багыттары:
- зомбулуктун жана эксплуатациянын курмандыктарына психологиялык колдоо көрсөтүү;
- жабыркагандардын укуктарын коргоо жана жеткиликтүү кызматтар тууралуу маалымат берүү;
- коопсуз жайга, медициналык жана юридикалык жардамга кайрылуу жолдору боюнча кеңеш берүү;
- зомбулукка күбө болгон адамдарга жана жабыркагандардын жакындарына колдоо көрсөтүү.

