16:18
USD 87.45
EUR 102.67
RUB 1.15

Чүй каналы бетондолот: 37 млн евролук долбоор суу жоготууларын эки эсеге азайтат

Министрлер кабинети жана Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы Чоң Чүй каналы боюнча ири масштабдуу долбоорду каржылоо боюнча сүйлөшүүлөрдү аяктады. Бул каналдын батыш бутагынын каналын бетондоону камтыйт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы миниистри Бакыт Төрөбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда министрлер кабинети менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда сүйлөшүүлөр жыйынтыкталып, макулдашуу даярдалып жатат.

«Долбоордун сметалык баасы 37 млн евро деп бааланууда. Азыркы учурда ЧЧК аркылуу келген сугат суусунун 50-55 пайызы жоготууга учурап жатат. Каналдардын түбү бетондолсо, жоготуулар кескин кыскарып, айдоо аянттарына сууну толук жеткирүүгө шарт түзүлөт», — деди ал.

Мындан тышкары, Төрөбаев канал аркылуу агып келип, жерге сиңип, жер астында жайылып жаткан сууну бетондоо аркылуу көзөмөлгө алуу мүмкүн болуп, каналдын ылдыйкы зонасында сазга айланган жерлерди кургатууга өбөлгө түзүлөрүн белгиледи. Бул болсо дыйканчылык жана багбанчылыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле калктуу пункттарга жакын аймактарда жаңы конуштарды түптөп, турак жай куруу үчүн жерлерди пайдаланууга жол ачат.

Эң көп окулган жаңылыктар