Кыргызстандын Улуттук Илимдер Академиясынын Сейсмология институту өлкөнүн түштүк тарабында болжол менен 4,0 баллга жеткен жер титирөө катталды деп билдирди.
Институттун маалыматы боюнча, жер титирөө 26-январда саат 3:54тө болгон.
Жер титирөөнүн очогу Каблан-Кел айылынан түштүк-батышка 3 чакырым, Алга-Бас айылынан түндүк-чыгышка 5 чакырым, Чайчы айылынан түштүккө 10 чакырым жана Оштон түштүк-чыгышка 45 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Алга-Бас жана Каблан-Кел айылдарында 3,5 балл, ал эми Чайчы, Лаглан, Тогуз-Булак, Тээке жана Алга айылдарында 3,0 балл болгон.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

