17:16
USD 87.45
EUR 102.22
RUB 1.14

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 8,85 миллиард долларга жетти

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 2025-жылдын 30-ноябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 8,85 миллиард долларды түзгөн. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалыматында айтылат.

Ага ылайык, ички карыздын эң чоң бөлүгү — 3,527 миллиард доллар (99 пайыз) — узак мөөнөттүү баалуу кагаздар боюнча алынган насыяларга туура келет.

Тышкы карыздын көпчүлүгү Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынан алынган насыяларды камтыйт, алардын суммасы 1,499 миллиард долларды (28,4 пайыз) түзөт.

2025-жылдын 30-ноябрына карата мамлекеттик карыз шарттуу түрдө Кыргыз Республикасынын ички дүң продукциясынын 43,49 пайызын түзгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар