15:55
USD 87.45
EUR 102.22
RUB 1.14

U-20: Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курамасы төртүнчү жолу алдыга чыкты

Кыргызстандын курама командасы хоккей боюнча дүйнө чемпиондугунда (U-20) катары менен төртүнчү жеңишине жетти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 22-январда өткөн төртүнчү турда кыргызстандыктар Люксембургдун курама командасы менен беттешти. Эмир Мелисов, Алихан Али-Аскаров, Захар Бем, Шер Шамшыбеков, Берен Дубанаев аттуу оюнчулар бирден шайба киргизип, 5:2 эсебинде жеңишке жетишти. Жыйынтыгында бул жеңиш Кыргызстандын командасы үчүн төртүнчү болуп, лидерлигин сактап калды.

Эң көп окулган жаңылыктар