Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүнкү жыйынында г жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым конституциялык мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоорун жана «Гендердик теңчилик маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда кабыл алынды.
Документ мурунку чакырылыштагы депутаттар тобу тарабынан иштелип чыккан. Анын жоболорунун бири — «Министрлер кабинети жөнүндө» мыйзамга киргизилген түзөтүү, анда министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө талапкерлер бир жыныстагы адамдардын 70 пайызынан ашпашы керектиги каралган.
Конституциялык, Жогорку жана жергиликтүү сотторго судьяларды конкурстук тандоо үчүн ушул сыяктуу эреже киргизилүүдө. Учурдагы мыйзамдарда судьяларды дайындоодо гендердик өкүлчүлүк жөнүндө жобо бар, бирок ал штаттык кызматкерлердин саны беш же андан көп болгон учурларга гана тиешелүү.
Ошондой эле, шаар мэрлерин жана акимдерди дайындоодо, мамлекеттик кызмат орундарына бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгү талап кылынат.
Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда жумуш ордунда зомбулуктан жана куугунтуктоодон эркиндик, эки жыныстагы адамдарга бирдей эмгек акы төлөө, мамлекеттик органдарда гендердик аудит жүргүзүү зарылдыгы жана ар кандай түзүмдөрдө эркектер менен аялдардын бирдей өкүлчүлүгүн камсыз кылууга жардам бере турган башка жоболор камтылган.

