Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантинонун айлыгы жарыяланды. Бул тууралуу француздук Le Monde басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 55 жаштагы спортчу 2024-жылга чейин 6,133 миллион доллар киреше тапкан. Бул суммага анын базалык айлыгы, ар кандай жөлөкпулдар жана пенсиялык чыгымдар кирет. Салыштырмалуу, Инфантино 2016-жылы ФИФАнын президенти болуп дайындалганда 1,5 миллион доллар киреше тапкан.
«Эгерде Инфантино 2027-жылы үчүнчү жана акыркы мөөнөткө кайра шайланса, 2031-жылга чейин ФИФАнын башында кала алат. Бул ага жеке байлыгын топтоону улантууга мүмкүндүк берет», — деп кошумчалайт маалымат булагы.

