Кыргызстанда 2025-жылдын январь-ноябрь айларында орточо эмгек акы 42 миң 954 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу эмгек акы 19,1 пайызга өскөн.
Эмгек акынын эң көп өсүшү төмөнкү тармактарда катталган:
- кыймылсыз мүлк менен болгон операциялар;
- курулуш;
- саламаттыкты сактоо;
- маалымат жана байланыш;
- калкка социалдык кызмат көрсөтүү;
- кесиптик;
- илимий жана техникалык ишмердүүлүк;
- мейманкана жана ресторандар;
- финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу;
- мамлекеттик башкаруу жана коргонуу;
- мамлекеттик камсыздоо жана кен казуу тармагы.

