16:10
USD 87.45
EUR 102.04
RUB 1.11

Ирандагы нааразычылык акциялары: Өлгөндөрдүн саны 12 миңден ашышы мүмкүн

CBS агенттиги Ирандын ичиндеги эки булакка (толук өлүм санын түзүүгө аракет кылган активисттердин маалыматтарына таянып) шилтеме берип, нааразычылык акциялары учурунда каза болгондордун саны 12 миңден ашышы мүмкүн деп билдирди.

Рейтер
Фото Рейтер

Axios басылмасынын маалыматы боюнча, АКШ президентинин өкүлү Стив Виткофф ирандык оппозиция лидери Реза Пахлави менен жашыруун жолугушкан. Кийинчерээк басылманын кабарчысы Барак Равид мамлекеттик катчы Марко Рубио жакында өткөн жабык жолугушууларда администрация учурда күч колдонбогон ирандык демонстранттарды колдоонун жолдорун карап жатканын билдиргенин кошумчалады.

Мамлекеттик департамент мурда АКШнын жана анын союздаштарынын жарандарын Ирандан чыгып кетүүгө чакырган. Нааразычылык акциясына чыккандарга кандай жардам көрсөтүлөрү тууралуу суроого президент: «Кечиресиз, бирок муну өзүңөр чечип алышыңар керек», — деп жооп берген.

Детройттогу сөзүндө Ак үйдүн башчысы «Иранды кайрадан улуу кылгыла. Бул өлкө ушул желмогуздар басып алганга чейин улуу болчу», — деп чакырган.

Wall Street Journal гезитинин маалыматы боюнча, Сауд Арабиясы, Оман жана Катар АКШны Иран режимин кулатуу аракети мунай рыногун солкулдатып, акыры АКШнын экономикасына зыян келтирерин эскертип жатышат. Бул өлкөлөр Иранга сокку уруу Ормуз кысыгы аркылуу мунай танкерлеринин кыймылына тоскоол болушу мүмкүн деп кооптонушат.

Эң көп окулган жаңылыктар
14-январь, шаршемби