Жөө жүргүнчүлөр үчүн төрт жер астындагы өтмөк курулуп бүткөндөн кийин Чыңгыз Айтматов проспектинин Семетей көчөсүнөн Масалиев проспектисине чейинки бөлүгү жол кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Ар бир жер астындагы өтмөктүн узундугу 33,5 метр, туурасы 4 метр. Учурда жер астындагы өтмөктөрдүн ичиндеги бүткөрүү иштери, ошондой эле тепкичтерди куруу иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин көрсөтмөсү менен жол тыгындарын азайтуу жана шаар тургундары үчүн ыңгайсыздыктарды азайтуу максатында майрамдык эс алуу күндөрү иштер жүргүзүлдү.

