11:41
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

Ала-Арчада бир киши бутун кокустатып алды: ӨКМ куткаруучулары жардам берди

Ала-Арча жаратылыш паркында бутун жаракат алган кишиге жардам берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркынын жогору жагында жайгашкан шаркыратма тилкесине эс алууга чыккан эркек киши бутун кокустатып алып, түшө албай калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
Фото Өзгөчө кырдаалдар министрлиги . Ала-Арчада бир киши бутун кокустатып алды

Жерине Ала-Арча паркында нөөмөттө турган Эдельвейс куткаруу кошуунунун 3 куткаруучусу тартылып, 45 жаштагы М.Н. аттуу жаранды Бишкек шаардык № 4 ооруканасына жеткирип, медицина кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Учурда абалы туруктуу.

Эң көп окулган жаңылыктар