Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелери боюнча комитети бүгүн, 23-декабрдагы жыйынында саламаттык сактоо министри кызматына Каныбек Досмамбетовдун талапкерлигин жактырды.
Эл өкүлдөрүнө талапкерди президенттин жана өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды.
Жыйында комитет мүчөлөрү саламаттык сактоо тармагындагы бир катар актуалдуу маселелерге көңүл бурушту. Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү Досмамбетовдун талапкерлигин колдоп берди.
Эске салсак, Досмамбетов 1-декабрда саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Буга чейин ал УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын жетекчиси кызматын аркалаган.

