18:47
USD 87.45
EUR 103.06
RUB 1.11

Шүкүр Исмаилов Муфтийдин орун басары болуп дайындалды

Бүгүн, 23-декабрда Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин орун басары болуп Шүкүр ажы Исмаилов дайындалды. Тиешелүү буйрукка муфтий Абдулазиз Закиров кол койду.

Шүкүр Исмаилов 1973-жылы Ош облусунун Чоң-Алай районунда туулган. Жогорку билимин юриспруденция жана араб тили боюнча алган. Ошондой эле ислам укугу жана Кыргызстандагы ислам тарыхы багытында илимий даражалары бар. Диний билимин Кара-Балтадагы Хазрети Осмон атындагы Ислам институтунда жана Восточное айылындагы Аннамузажийя медресесинде алган.

Мусулмандардын дин башкармалыгы
Фото Мусулмандардын дин башкармалыгы. Шүкүр Исмаилов Муфтийдин орун басары болуп дайындалды

Ал диний жана билим берүү мекемелеринде иштөө боюнча чоң тажрыйбага ээ:

  • Хазрети Осмон атындагы Кара-Балта Ислам институтунун каржы иштери боюнча орун басары. Кыргызстан Ислам Университетинин теология жана жаратылыш таануу жана гуманитардык илимдер кафедрасынын башчысы.
  • Кыргызстан Ислам Университетинин Гуманитардык факультетинин деканы.
  • И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин теология бөлүмүнүн окуу бөлүм башчысы.
  • Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын алдындагы илимий-изилдөө институтунун директору.
  • Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы.

Муфтият Шүкүр ажы Исмаилов көп жылдар бою ислам билим берүү системасында иштеп, дин кызматкерлеринин арасында кадыр-баркка ээ экенин белгилейт.

Эң көп окулган жаңылыктар