14:16
USD 87.45
EUR 102.60
RUB 1.09

ӨКМ: Өрт жана кырсыктардан келтирилген зыян беш жылда 25 миллиард сомдон ашты

Акыркы беш жылда Кыргызстандагы өзгөчө кырдаалдардан, өрттөрдөн жана кырсыктардан келтирилген материалдык чыгым 25 миллиард сомдон ашты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, бул мезгилде куткаруучулар 1664 адамды сактап калышкан.

«Кырсыктардын жана өрттөрдүн көбөйүшүнө карабастан, материалдык чыгымдар жана курмандыктар бир топ азайды. Акыркы беш жылда өзгөчө кырдаалдардан келип чыккан чыгымдар 2020-жылга салыштырмалуу 4,4 эсеге азайды», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле, мекеме атайын жабдуулар модернизацияланганын, мониторинг жана божомолдоо системалары иштелип чыгып, коргоочу жайлар курулуп жатканын жана персоналдын квалификациясын жогорулатуу боюнча иштер жүрүп жатканын белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар