21:05
USD 87.45
EUR 102.79
RUB 1.10

Жети-Өгүз районунда 2,4 гектар айыл чарба жери мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүздө жеке менчикке өтүп кеткен жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Жети-Өгүз районунун прокуратурасы тарабынан КР жер мыйзамдарынын аткарылышы жана сакталышына текшерүү жүргүзүлүп, анда Барскоон айыл өкмөтүндө жалпы 2,4 га айыл чарба багытындагы жер тилкелери жеке жактардын менчигине мыйзамсыз түрдө өтүп кеткендиги аныкталган.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Фото Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы. Жети-Өгүз районунда 2,4 гектар айыл чарба жери мамлекетке кайтарылды

Райондук прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде, баасы 27 млн 552 миң сомду түзгөн айыл чарба багытындагы жер тилкелери мамлекетке кайтарылды.

Эң көп окулган жаңылыктар