Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы тарабынан мал союучу жайларда жана мал базарларында ветеринардык коопсуздукту камсыздоо максатында видеобайкоо системасы этап-этабы менен киргизилип жатат. Бул тууралуу Суу чарбасы, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда республика боюнча 54 мал союучу жайларда, 5 мал базарында, ошондой эле Москва районундагы 1 ветеринардык-санитардык экспертиза лабораториясында (ВСЭЛ) видеобайкоо камералары орнотулган. Бүгүнкү күндө мал базарларында жана мал союучу жайларда жалпысынан 23 видеокамера активдүү иштеп, процесстерди туруктуу көзөмөлдөп турат.
Мындан тышкары, Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы видеобайкоо жаатында терең тажрыйбага ээ Dahua компаниясынын адиси менен биргеликте кошумча 37 камера орнотуп, аларды кырдаалды көзөмөлдөө борборунун системасына толук интеграциялоо үчүн иштеп жатат.

