Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык психиатрия жана наркология борборунун соттук-психиатриялык эксперттеринин туруктуу коррупциялык схемасы аныкталганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, кызматкерлер оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча айыпталган адамдарга карата акчалай компенсация алуу үчүн «акыл-эси жайында эмес» деген корутунду чыгарып, кылмыш жоопкерчилигинен качууга мүмкүндүк беришкен.
Борбордун алты эксперт-дарыгери «Баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси боюнча айыпталган М.А.А. аттуу кыргыз жаранына эки жолу соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзгөнү аныкталган. Натыйжада алар 1,5 млн сом алып, кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында соттолуучуга карата эки жолу «акыл-эси жайында эмес» деген корутунду чыгарып беришкен.
10-декабрда борбордун 6 эксперт-дарыгери: 1950-жылы туулган А.Ж., 1966-жылы туулган Ш.Н.Т., 1969-жылы туулган Ч.Ю.В., 1971-жылы туулган К.Ж.Р., 1972-жылы туулган С.Л.Л., 1997-жылы туулган З.М.Д. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
УКМК аталган коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча бир катар ыкчам-иликтөө иш-чараларын улантууда.

