15:38
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Жемкорлук кылмыштарынан келтирилген чыгым 70 миллион 963 миң 125 сомду түздү

5 ай аралыгында жемкорлук боюнча кылмыштардан келтирилген чыгым 70 миллион 963 миң 125 сомду түздү. Бул тууралуу жемкорлук боюнча координациялык кеңештин жыйынында Башкы прокуратуранын өкүлү Замирбек Бейшекеев билдирди.

Айтымында, жалпы 3 миң 131 коррупциялык кылмыш катталган.

«Коорупциялык жана кызматтык кылмыштардын басымдуу бөлүгү (1 миң 254) прокуратура органдары тарабынан катталган. ИИМде 16, УКМКда 25, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматта 87 кылымыш катталган. Келтирилген чыгымдардын 8 миллион 773 миң 597 сому мамлекеттин кирешесине которулду», -деп билдирди Замирбек Бейшекеев.

Эң көп окулган жаңылыктар