11:59
USD 87.45
EUR 102.29
RUB 1.11

Кыргызстанда жаңы жылдык каникулдарды 12-январга чейин узартуу пландалууда.

Кыргызстанда жаңы жылдык каникулдарды 12-январга чейин узартуу пландалууда. Өкмөттүн токтомунун долбоору коомдук талкууга коюлду.

Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн натыйжалуу пайдалануу үчүн Министрлер кабинети мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана мамлекеттик бюджеттен каржылануучу ишканалардын беш күндүк иш жумасында иштеген кызматкерлерине төмөнкүлөрдү сунуштайт:

2026-жылдын 8 жана 9-январын дем алыш күндөрү катары белгилеп, алмаштыруу:

7-февраль дем алыш күндү 8-январь жумуш күнүнө ;

25-апрель дем алыш күндү 9-январь жумуш күнүнө алмаштыруу.

Коштоочу документте белгиленгендей, азыркы учурда жана жаңы жыл майрамынан кийин дароо курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо менен ооругандардын саны салттуу түрдө өсүүдө.

Келерки жылы окуучулардын кышкы каникулу 12-январда аяктаарын эске алсак, бул мезгилде ата-энелер менен балдардын биргелешип эс алуусу үй-бүлө баалуулуктарын бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

«Январдын алгачкы эки жумасы кышкы туристтик сезондун туу чокусу. Каникулдарды узартуу чакан жана орто бизнеске кошумча киреше алып келип, туристтик потенциалы бар аймактарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Энергия жетишсиздигин азайтуу жана коммуналдык инфраструктуранын түйшүгүн жеңилдетүү үчүн кышкы каникулдарды узартуу максатка ылайык. Жаңы жылдык каникулдарды 12-январга чейин узартуу мамлекеттик мекемелердин ишинин эффективдүүлүгүн жогорулатат. көрсөткүчтөр жогорулап, калктын саламаттыгы жана бакубаттуулугу жакшырды», — деп белгилейт Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги.

Министрликтин айтымында, эс алуу күндөрүн узартуу чечими бюджеттик чыгымдарды талап кылбайт.

Эң көп окулган жаңылыктар