Конституциялык сот президенттин «Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбооруна корутунду берүү тууралуу сунушун кароого киришти. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
«Долбоор аркылуу Конституциянын 25-беренесинин 1-бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Анда балдарга карата жасалган сексуалдык мүнөздөгү өзгөчө оор кылмыштар, ошондой эле зордуктоо менен коштолгон өлтүрүү үчүн жазалоонун өзгөчө чарасы катары өлүм жазасын колдонуу мүмкүндүгү каралган. Конституциялык соттун Регламентине ылайык, бул категориядагы иштер Конституциялык сот тарабынан жазуу жүзүндөгү жол-жобо боюнча каралат. Анткени президенттин корутунду берүү жөнүндөгү сунушу соттук талаш-тартыш мүнөзүндө эмес жана тараптардын катышуусун талап кылбайт. Конституциялык сот тарабынан кароонун жыйынтыгы боюнча пресс-релиз берилет», — деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, президент Садыр Жапаров өзү мурда балдарга жана аялдарга карата өзгөчө оор кылмыштар үчүн өлүм жазасын калыбына келтирүүнү сунуштаган. Бул демилге 27-сентябрда уурдалып, зордукталган 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын өлтүрүлүшүнөн улам келип чыккан. Бул трагедия коомчулуктун кеңири нааразычылыгын жараткан.
Өлүм жазасын калыбына келтирүүнү караган Конституцияга киргизилген түзөтүүлөр коомдук талкууга коюлду. Ошондой эле, Кыргыз Республикасы БУУнун өлүм жазасын алып салуу жөнүндө протоколун ратификациялоодон баш тартууну пландаштырууда.

