Баткен районунда аймактын эң алыскы тоолуу айылдарынын бирине алып баруучу «Сары-Талаа-Кызыл-Таш-Зардалы» унаа жолунун курулушу аяктап калды. Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалыматы боюнча, жол жакынкы күндөрү ачылат.
Унаа жолунун 17,5 чакырымын кеңейтүү жана тегиздөө иштери аяктап, пайдаланууга берилет. Мындан тышкары, узундугу 30 метр болгон темир көпүрө куруу иштеринин 95 пайызы бүттү.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 29-сентябрында Зардалы айылына барып, эл менен жолугушууда келерки жылы кыштакка барчу жолду салуу башталарын, электр энергиясы менен камсыз кылуу, чакан ГЭС салуу иштери жүргүзөлөрүн билдирген.
Зардалы — Баткен облусунун бийик тоолуу, жетүүгө кыйын аймактагы айылы.

