10:16
USD 87.45
EUR 102.12
RUB 1.13

Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Бишкектин бир бөлүгү 11-ноябрда ичүүчү суусуз калат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, турак жайлар, мектептер, мектепке чейинки билим берүү мекемелери, саламаттыкты сактоо мекемелери, социалдык жана өнөр жай объектилери саат 9:00дөн 20:00гө чейин суусуз калат.

Өчүрүлгөн аймактар:

Достоевский, Анкара жана Ауэзов көчөлөрү жана темир жол линиясы;

Алтын-Ордо, Кара-Жыгач жана Полиция шаарчасынын турак жай аймактары.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
Фото Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Суу «Контррезервуар» суу алуучу жайындагы жана шаардын суу менен камсыздоо тармактарындагы оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу токтотулат.

Бишкек шаарынын мэриясы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар