04:24
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.14

Лермонтов көчөсүндөгү «толкундар». Бишкектиктер асфальттын начардыгына нааразы

24.kg окурманы
Фото 24.kg окурманы. Асфальттагы толкундар

Бишкектин Лермонтов көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинин кесилишинде жолдо «толкундар» пайда болгон. Бул тууралуу 24.kg басылмасына окуяга күбө болгондор билдирди.

Алардын айтымында, ал жерде асфальт начар төшөлгөндүктөн жол тилкеси түзмө-түз «толкундар» болгон. Бул унаалардын секирип, силкилдешинеалып келүүдө.

«Жолдун баары тегиз эмес, деңизде жүргөндөй. Биз мэриянын колл-борборуна бир нече жолу кайрылдык бирок эч кандай өзгөрүү болгон жок», — дешет тургундар.

Алар суук түшкөнгө чейин шаардык кызматтардан маселени чечип, жолдун бетин оңдоону суранышууда.

Эң көп окулган жаңылыктар