Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында баңги затын ташыган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат борбору билдирди.
Кыргызстандын жарандары Т.Э.Ж. жана Ж.у.Э. баңгизаттарды Ысык-Көл районунан Балыкчы шаарына системалуу түрдө ташып келип, андан кийин колдонуу жана сатуу үчүн кол менен даярдашкан.
Т.Э.Ж. жана Ж.у.Э. кармалып, Каракол шаарынын тергөө абагына 2 айга камалды.
Тергөө иштери жүрүп жатат.

