USD87.45EUR98.08RUB1.04
24.kg

Президент Садыр Жапаров Нарын шаарын өнүктүрүүгө 807 миллион сом бөлдү

12:08, 25 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров өз фондунан Нарынды өнүктүрүүгө 807 миллион сом бөлдү. Бул тууралуу УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев бул шаарда өткөн жыйында билдирди.

Анын айтымында, Нарын облусуна республикалык бюджеттен 9,4 млрд сом бөлүнгөн.

«Азыр президент кошумча 807 миллион сом бөлүп берди, мындай качан болду эле? Тарыхта болгон эмес», — деди Камчыбек Ташиев.

Буга чейин социалдык тармактарда Нарын облусуна тийиштүү көңүл бурулбай, аймакты «өгөй бала» деп аташкан деген пикирлер айтылып келген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18