21:43
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Нарында креативдүү долбоордун алкагында панорамалык аттракцион куруу пландалууда

Нарынга панорамалык аттракцион куруу пландалууда. Демилгени президенттин аймактагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешев көтөрүп чыкты.

Маалыматка ылайык, Нарын шаарынын социалдык-экономикалык абалын, инфратүзүмүн жакшыртуу максатында «Нарын — реновация» аталышындагы креативдүү долбоор иштелип чыкты. Учурда каражат булактарын табуу аракети жүрүп жатат.

Долбоордун алкагында Сейил-Булак аймагына авто көпүрө жана жаңы автобекет куруу пландалууда. Эски автобекеттин имаратына балдардын заманбап эс алуу борборун уюштуруу каралган.

Ошондой эле «Теңир Тоо сити» турак-жай комплексин жана ипотекага бериле турган көп кабаттуу үйлөрдү куруу пландалган.

Нарын шаарындагы сейил бак реконструкцияланып, панорамалык аттракцион (колесо обозрения) коюлат. Мындан тышкары, Нарын дарыясына айнек асма көпүрө салынып, китепкана, музей, кинозал менен инновациялык борбор ачылат.

Эң көп окулган жаңылыктар