17:10
USD 87.43
EUR 102.96
RUB 1.12

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты: үч бригада тартылды

Борбор калаанын Октябрь районундагы Токомбаев көчөсү, 21/1г дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн кире бериштеринин биринде өрт чыкты. ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, өрт 2-кабаттын электр калканынан чыккан.

Окуя болгон жерге үч өрт өчүрүүчү бригада жөнөтүлгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери имараттын тургундарын эвакуациялашты. Жабыркагандар жана өрттүн аймагы тууралуу маалымат такталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
29-декабрь, дүйшөмбү