Кыргызстанда 2025-жылдын биринчи кварталында QR- коддору аркылуу төлөмдөрдүн көлөмү рекорддук көрсөткүчкө жетип, 94 миллиард сомго жетти. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу (3,9 млрд сом) 24 эсеге көп. Мындай маалыматтар Улуттук банктын материалдарында камтылган.
Регулятордун маалыматы боюнча, көрсөтүлгөн мезгил ичинде өз ара аракеттенүү оператору системасы аркылуу жалпысынан 53,7 миллион транзакция жүргүзүлгөн. 2024-жылдын ушул эле мезгилинде бул көрсөткүч 3,9 миллион акча которууну түзгөн.
Улуттук банк өсүш QR- технологияларын кеңири жайылтуу менен шартталганын белгилейт. Үстүбүздөгү жылдын жаз айынын аягына карата өлкөнүн соода жана тейлөө ишканаларында 67,6 миң QR- код иштеп жаткан. Алардын эң көп саны Бишкек шаарында (31,5 миң), Ош (10,4 миң) жана Чүй (5,7 миң) облустарында катталган.
Кыргыз Республикасында QR -төлөмдөрдү 20 банк жана 12 төлөм уюму тейлейт.