USD87.45EUR97.87RUB1.02
24.kg

Депутат Айтматов проспектисиндеги жер ээлерине кенемте төлөп берүүнү суранды

11:19, 28 мая 2025, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиев Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги жер ээлерине кенемте төлөп берүүнү талап кылды. Бул тууралуу эл өкүлү парламенттин бүгүн, 28-майдагы жалпы жыйынында билдирди.

«Бирөөнүн мүлкүн тартып алып жатканда кенемте болот дешкен. Бирок эки күндөн бери демонтаждоо иштери жүрүп жатат, эч кандай төлөм жок. Муну Конституцияга ылайыкташтыруу керек. Эгерде бардыгы мыйзам чегинде болсо, келечекте эч кандай маселе жаралбайт. Ошондуктан мүмкүн болсо кенемте маселесин тез арада карап чыгып, тиешелүү чечим менен чечиш керек», — деди ал.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика