USD87.45EUR98.33RUB1.02
24.kg

Арча-Бешик конушуна таза суу түтүктөрүн алмаштырууга 13,3 млн сом бөлүнөт

14:41, 14 мая 2025, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы «Арча-Бешик» конушундагы магистралдык суу түтүгүн алмаштыруу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш Күйүкова көчөсү менен Чортековадан Жылга-Сай көчөсүнө чейин жүрүп жатат. Алмаштыруу үчүн 13 млн 349 миң сом бөлүү пландалууда.

Арыздар 28-майга чейин кабыл алынат.

2023-жылы Арча-Бешик конушунда Айылчиев көчөсүнө Ыбырайым Абдрахманов көчөсүнөн Жайыл Баатыр көчөсүнүн түштүк тарабына чейин таза суу түтүктөрү тартылган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика