17:12
USD 87.45
EUR 90.93
RUB 0.90

Бишкекте 7-Апрель көчөсүндөгү жарылган суу түтүгү калыбына келтирилди

Бүгүн, 13-январда Бишкек шаарында саат 15:30да 7-Апрель көчөсүндөгү суу түтүгү жарылып, ысык суу көчөнү каптаган. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жеринде «Бишкекжылуулук» муниципалдык ишканасынын авариялык бригадасы жаралган көйгөйдү чечүү үчүн тиешелүү иштерди жүргүздү.

Учурда жылуулук жана ысык суу менен камсыздоо иштери калыбына келтирилди.

«Бул тилкедеги суу түтүгү 1974-жылдан бери пайдаланып келгендиктен, колдонуу мөөнөтү аяктаган. Алар жакынкы жылдары алмаштырылат», — деп түшүндүрдү 24.kg басылмасына борбордун мэриясы.

Жолдун 7-апрель көчөсүнөн Медеров көчөсүнүн түштүк тарабына чейинки бөлүгү жер казуу иштерине байланыштуу жарым-жартылай жабылат. Мэрия айдоочуларды чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.

Эми 7-Апрель көчөсүнүн түштүк тарабы оңдоо иштерине байланыштуу маал-маалы менен жабылып турары айтылды. Мындан улам муниципалитет айдоочуларды жаралган ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну өтүндү.

Эң көп окулган жаңылыктар