12:17
USD 87.45
EUR 97.39
RUB 1.06

Москва районунда жана Балыкчы шаарында гемодиализ борборлору жабылды

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы гемодиализ борбору жабылганын билдирди. Анын айтымында, борбордо Балыкчы, Тоң жана Кочкор райондорунан 30 адам кызмат көрсөтүштү.

Саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев борбордун жабылышын Башкы прокуратура козгогон иш менен түшүндүрүп, көзөмөл органы 90 күн иликтөө жүргүзөрүн билдирди.

Балбак Түлөбаев башкы прокурор Максат Асаналиевге кайрылды. Ал башкы прокурорду жаңы генералдык наамы менен куттуктап, борбор бейтаптарды тезирээк тейлеши үчүн тергөө иштерин тездетүүнү суранды.

Ал эми депутат Дастан Бекешев Чүй облусунун Москва районундагы 50 адам дарыланып жаткан гемодиализ борбору да жабылганын кошумчалады.

«Алар азыр башка аймакка кетүүгө аргасыз. Бул туура эмес, анткени адамдардын абалы оор жана алар жашаган жери боюнча гемодиализ алуу керек», — дейт Дастан Бекешев.

Эң көп окулган жаңылыктар