Жыл башынан бери Кыргызстанда азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктардын баасы 3,4 пайызга кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин башчысы Бактыбек Кудайбергенов маалымат жыйынында билдирди.
Ал кошумчалагандай, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки буюмдары орточо эсеп менен 1,8 пайызга кымбаттады. Калкка кызмат көрсөтүүнүн тарифтери 1,1 пайызга, ал эми азык-түлүк эмес товарлардын баасы 0,6 пайызга төмөндөгөн.
Картошка эң көп — 38 пайызга кымбаттаганын Улуттук статистикалык комитет билдирди. Ошондой эле жашылча 14,4 пайызга, балык 6,6 пайызга, эт 4,6 пайызга, өсүмдүк майы 1,2 пайызга кымбаттады.
Мониторингдин жүрүшүндө тооктун жумурткасына — 5,4 пайызга, кантка — 3,7 пайызга, унга, күрүчкө — 0,8 пайызга, суюк сүткө — 0,4 пайызга баанын төмөндөшү белгиленди.
2025-жылдын биринчи кварталында керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы бардык аймактарда болгон.
Мындан тышкары, баанын максималдуу өсүшү — 3,5 пайызга — Ош облусунда катталган.