Нурлан Жумаев суу чарба министринин орун басары — Суу чарба кызматынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Нурлан Жумаевди жамаатка тааныштырды.
Нурлан Жумаев 1974-жылы туулган, эки жогорку билимдүү, Казак айыл чарба институтун, андан соң Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктаган.
Токой чарбасы, айлана-чөйрөнү коргоо жана агроөнөр жай тармагында 30 жылга жакын тажрыйбага ээ.
2002-жылдан баштап ар кандай түзүмдөрдө жетекчи кызматтарда иштеген: Жети-Өгүз токой чарбасынын директору (2003-2005), Мамлекеттик токой кызматында жана Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинде бөлүм башчы (2005-2010).
2010-жылы президенттин администрациясынын жана өкмөттүн аппаратынын түзүмдөрүндө агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу боюнча эксперт, ал эми 2012-2015-жылдары экология жана АӨК маселелери боюнча эксперт катары мамлекеттик кызматты баштаган.
2015-2021-жылдары Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары, андан соң токой экосистемасын өнүктүрүү департаментинин директору болуп иштеген.
2021-2024-жылдары Айыл чарба министрлигинин Токой чарба бөлүмүнүн башчысы, ал эми 2024-жылдын мартынан тарта Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин чечимдерди ишке ашыруу башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.