21:46
USD 87.10
EUR 99.05
RUB 1.07

Көңүл бургула! 15-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу болбойт

15-апрелде борбор калаанын бир бөлүгүндө суу болбойт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 15-апрелде саат 10:00дөн 22:00гө чейин Сарбан, Жал айылдары, Жогорку Орок, Сары-Өзөн, Кашкабаш, 105-контур батыш тарабы, ЖЭБ-2, Селекциянын жаңы району, Достук, Ак-Ордо (Ахунбаев көчөсүнүн түштүгү) конуштары, Ак-Ордо конушу (Ахунбаев көчөсүнөн жогору), Ак-Ордо конушу (Өмүр көчөсүнөн түштүк тарабы) менен чектешкен аймакта суу берүү токтотулат.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
Фото Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Ичүүчү суу «Баш-Кара-Суу» суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG