Бишкектин айрым аймактарында 10-апрелде саат 10:00дөн 24:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге таза суу берүү токтотулат.
Өчүрүү аймагы төмөнкүлөр менен чектелет:
Алыкулов көчөсү — Кустанай көчөсү — БЧК — Ала-Арча дарыясы — Рыскулов көчөсү (Дэн Сяопин проспектиси) — Интергельпо — темир жол линиясы;
(Пригородное) Юбилейная көчөсү — Горький көчөсү — Садовая көчөсү (Пригородное) — БЧК;
«Аскер шаарчасы», «Кызыл Аскер» турак жай массивдеринде, «110-квартал» турак-жай массивинде, «Достук» кичирайонунда.
Өчүрүү «Западный» суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу.
«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.