21:21
USD 87.45
EUR 99.57
RUB 1.07

Салык кызматы эскертет: ​​1-майга чейин салык декларациясын тапшыруу керек

Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгүнүн экинчи этабын өткөрүүдө, ал ушул жылдын 1-майына чейин уланат.

Ведомстводон маалымдашкандай, көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин салык декларациясын тапшырууга төмөнкүлөр милдеттүү:

— жеке ишкерлер;

— патенттин негизинде же өзгөчө режимдеги соода аймагында иш жүргүзгөн жеке жактар;

— чет мамлекеттин аймагында турган эл аралык уюмдарда, дипломатиялык жана консулдук мекемелерде иштеген КРнын жараны;

— киреше салыгын кармоо милдеттенмеси пайда болбогон субъекттен салык салынуучу киреше алган жеке жактар.

Белгилей кетсек, 1-апрелде салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгүнүн биринчи этабы аяктаган.

Бул этаптын алкагында декларацияны төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү болгон:

— ата мекендик уюмдар (бюджеттен каржылануучу жана отчеттук салык мезгили үчүн мүлк салыгы боюнча салыктык милдеттенмелери болбогон уюмдардан тышкары);

— туруктуу мекеме түзүү менен Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк уюмдар;

— мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер.

Толук маалыматты аймактык салык органдарынан, 116 номери аркылуу же Салык кызматынын www.sti.gov.kg расмий сайтынан алууга болот.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG
29-апрель, шейшемби