11:08
USD 87.45
EUR 99.28
RUB 1.06

Фархат Иминов Инвестиция боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Иминов Фархат Ажмуханбетович КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Бул кызматты ээлеп турган Талантбек Иманов президенттин башка жарлыгы ээлеген кызматынан бошотулду.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. Фархат Иминов
Фархат Иминов 1975-жылы 8-июлда Фрунзе шаарында туулган.

1993-жылы брокерлердин жогорку мектебин биржа брокери адистиги боюнча аяктаган. 1997-жылы КГНУда бухгалтердик эсеп, финансы жана кредит адистигине ээ болгон.

Эмгек жолун 1998-жылы «Булгаары» ЖЧК кыргыз-казак-америкалык ишканасында тери чийкисин даярдоо боюнча адис болуп баштаган. 2005-2009-жылдары «Эннио» ЖЧКсында жана «Монгол» ЖЧКсында башкы директор кызматын аркалаган. 2009-2012-жылдары Финансы компаниясынын PR жана тышкы экономикалык ишмердүүлүк бөлүмүнүн директору болгон.

2017-жылы ага кылмыш иши козголуп, өлкөдөн качып кеткен. 2021-жылдын 13-декабрында аны Өзбекстанга элчи кылып дайындоо маселеси Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин күн тартибинен алынып, бирок регламентти бузуу менен комитет мүчөлөрүнүн сурамжылоосу менен жактырылган.

2023-жылы резиденциясы Ош шаарында жана түштүк борбордун аймагын камтыган консулдук округу менен Монголиянын Кыргыз Республикасындагы Ардактуу консулу болуп дайындалган.

Үй-бүлөлүү, төрт баланы тарбиялап жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG