02:40
USD 87.10
EUR 99.05
RUB 1.07

Кыргызстанга чет өлкөдөн 245 таза кандуу жылкылар алынып келинди

2025-жылдын март айына карата Кыргызстанга 245 таза кандуу жылкылар алынып келинди. Бул тууралуу Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда өлкөдө малдын асылдуулугун жогорулатуу максатында чет өлкөлөрдөн асыл тукум малдар алып келинүүдө. Анын ичинен 2025-жылдын март айына карата Кыргызстанга 245 баш жылкы алынып келинди.

Бул жергиликтүү жылкылардын породалык сапаттарын жакшыртууга салым кошуп, алардын генетикалык потенциалын жана жалпы өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG