«Евразия сактык банкы» ААКнын директорлор кеңешинде кадрдык өзгөрүүлөр болду.
Кантемир Чалбаев директорлор кеңешинин төрагалык жана мүчөлүгүнөн өз каалоосу менен кеткендигин билдирди.
Эске салсак, ал банкты өткөн жылдын жаз айларында өткөрүп алган. Буга чейин ал Борбор Азиядагы Капитал Банк ААКтын директорлор кеңешин жетектегени белгилүү. Шайлоо боюнча чечим 2-апрелде кабыл алынган. Евразия сактык банкынын жаңы жетекчиси болуп буга чейин директорлор кеңешинин мүчөсү болуп келген Улан Асанбеков шайланды.