21:42
USD 87.45
EUR 99.46
RUB 1.07

Эсеп палатасында бош турган аудитордук кызматка аял сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаттары Вадим Садовниковду башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Эсеп палатасынын аудиторлук кызматынан бошотту.

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Талайбек Масабиров анын ыктыярдуу арызынын негизинде бошотуу маселеси көтөрүлгөнүн белгиледи.

Депутат Эльвира Сурабалдиева кесиптештеринен жана төрагадан бош турган кызматка аялды дайындоону суранды.

«Мен бул маселени биринчи жолу көтөрүп жаткан жокмун. Эсеп палатасында көптөгөн татыктуу айымдар бар. Алар билимдүү, тажрыйбалуу. Андыктан алардын арасынан бирөөсүн тандап, өз талапкерлигиңди көрсөтүүнү суранат элем», — деди ал.

«Ынтымак» фракциясынын лидери Марлен Маматалиев депутаттар кесиптешинин сунушун кароого даяр экенин билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин шайланган өкүлдөр Эсеп палатасында гендердик тең салмактуулук сакталбаганын билдиришкен.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG