18:55
USD 87.10
EUR 99.05
RUB 1.07

Кыргызстанда жакырчылык картасы түзүлөт

Кыргызстанда жакырчылыктын картасы түзүлөт. Улуттук статистикалык комитетте программанын менеджери Оберт Пимхидзай жетектеген Дүйнөлүк банктын жакырчылык жана теңчилик боюнча миссиясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Тараптар аймактардын социалдык-экономикалык абалын так баалоого жана калкты колдоо боюнча эффективдүү саясатты калыптандырууга мүмкүндүк берүүчү Кыргыз Республикасынын жакырчылык картасын иштеп чыгуу боюнча кызматташууну талкуулашты.

Долбоор Дүйнөлүк банктын демилгеси менен жакырчылыкты кыскартууга жана жарандардын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган программанын алкагында ишке ашырылат.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG